Бишкекте сасык тумоо менен ооругандардын саны кескин өсүүдө

Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, былтыр ушул мезгилде сасык тумоо менен ооругандардын саны 805 болсо, акыркы бир жумада алардын саны 1466га жетти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Бишкекке сасык тумоого каршы Россияда чыгарылган “Гриппол плюс” вакцинасынын 14 685 дозасы алынды.

Бардык үй -бүлөлүк медицина борборлору тобокел тобуна кирген адамдарга сасык тумоого каршы эмдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ал топко балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, тез -тез ооруп жүргөн балдар, карылар үйлөрү жана ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кирет. Муну менен катар эле, 65 жаштан өткөн кары адамдар, тез жардам бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө, реанимация бөлүмдөрүндө, үй -бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген медициналык кызматкерлер дагы эмдөө алышмакчы.  

8 -октябрга карата 2875 адам эмдөөдөн өттү.

Ошондой эле, сасык тумоого каршы эмдөө акы төлөнүүчү негизде жеке медициналык борборлордо жүргүзүлөт. Алар: “Малыш”, “Гиппократ”, “Эдельвейс”, “Кроха”, “Поликлиника 312”, MC “KG”, ЦАДМИР, “Интермедикал”. Азыркы тапта акы төлөнүүчү негизде 238 адам эмдөөдөн өттү. Жеке медициналык борборлордо эмдөөнүн баасы 450 сомдон 700 сомго чейин.