ЖАМКнын 31-колониясынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 31-колониясынын жетекчиси “А.Т.О.” пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын кызматкерлери кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ЖАМКнын 31-колониясынын жетекчиси “А.Т.О.” коррупция фактысы боюнча кармаган.

“Белгиленгендей, “А.Т.О.” өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак-абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган”, – деп айтылат маалыматта.

Ошентип, 2021-жылдын 7-октябрында КР Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) боюнча каралган кылмыштын негизинде кармалган “А.Т.О.” КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.