Red Petroleum – фермерлерди колдоо акциясын улантууда

Red Petroleum май куюучу жайларынын тармактары фермерлерге дизель күйүүчү майы жана АИ-80 маркасындагы бензин үчүн арзандатуучу талондорду кайтарымсыз түрдө таратууну баштады. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, ар бир талон литрин 0,5 сомго арзан алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул акция күзгү оруп-жыюу иштерин жүргүзүү мезгилинде жер ээлерин жана жеке фермерлерди колдоо максатын көздөйт. Эми фермерлер арзандатуу белгиси бар талондорду каалаган көлөмдө күйүүчү май алууга колдоно алат.

Red Petroleum май куюучу жайларынын тармактарынын башкы директору Акылбек Маматов белгилегендей, фермерлерди колдоого багытталган аталган чара Россиядагы заводдордон көп көлөмдө ээлөө жана кардарларды үзгүлтүксүз камсыздоого керектүү күйүүчү-майлоочу каражаттардын корун сактоо жолу менен ишке ашырылууда.

Ал: “Күзгү талаа жумуштарын үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн мурда сатылып алынган күйүүчү майдын корун эске алуу менен Red Petroleum май куюучу жайларынын тармактары бааларды азыркы деңгээлде кармап туруу жана жакынкы келечекте жогорулоосуна жол бербөө аракетин көрүүдө”, – деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, компания дайыма ар кандай колдоо акцияларын өткөрүп келет. Алсак, буга чейин Red Petroleum май куюучу жайларынын тармактары 100 миң арзандатуучу талондорду бекер тараткан.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот: 0550 152 000, 0705 000 151, 0705 000 151 (WhatsApp)