Бишкек шаардык соту 3 адамдын өлүмүнө шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды
Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкеринин өкүмүн күчүндө калтырды.
Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, биринчи инстанциянын өкүмү өзгөртүүсүз, апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылды.
Буга...
Президент “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты коомдук саламаттык сактоо...
Бишкекте угуусу начар 47 балага операция жасалды
Бишкекте угуусу начар 47 балага кохлеардык имплантация операциясы жасалды. Операция 2023-жылдын декабрь айында Катар фондунун жардамы менен ишке ашырылган.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 15-январда...
Садыр Жапаров Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинасты кабыл алды
Президент Садыр Жапаров Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинасты кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Евробиримдик менен аймактар аралык жана эки тараптуу деңгээлдеги кызматташуусунун активдүү...
Бишкектин Мурас-Ордо конушунда изделип жаткан тестиердин сөөгү табылды
Бишкектин Мурас-Ордо конушунда изделип жаткан 5 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Куткаруучулар аутизм менен жабыркаган тестиердин сөөгүн...
Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысы 30-январдан тарта көтөрүлмөй болду
Бишкекте 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, токтомдун долбооруна БШКнын...
Кыргызстан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди
Кыргызстан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз элинин атынан гумжардамды жеткирүүдө өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке...
Президент 2010-жылдагы апрель окуясында жабыркагандардын жакындарын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн 2010-жылдагы апрель окуясынын жүрүшүндө каза болгондордун жакындарын жана бул окуянын катышуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей...
Кара-Сууда кызмат абалынан пайдаланган аткаминерлер кармалды
Кара-Суу районунда милиция кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен бир катар аткаминерлер кармалды
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Жер ресурстары кызматынын Кара-Суу...
Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандарга айып салынды
Муниципалитеттен билдиришкендей, Бобулов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде белгиленбеген жерге күл чыгаргандыгы үчүн Б.Т. Жолдошевге карата протокол түзүлүп, 7 миң 500 сом айып салынды.
Мындан тышкары, Рыскулов-Кулиев көчөлөрүнүн...
















