
Кыргызстанда күчү 3,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ саат 21:09де катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагындагы Байбиче-Тоо тоолорунда жайгашкан: Ак-Булак айылынан 14 чакырым түштүктө, Баетово айылынан 32 чакырым түштүк-чыгышта.
Жер титирөөнүн күчү Ак-Булак айылында 2,5 баллга жеткен.






