Токмокто 73 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу шектүү кармалды

25-сентябрда саат 18:10 чамасында Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жантаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу тарабынан жүргүзүлгөн кароодо 1953-жылы туулган С.И. аттуу аялдын денесинде зомбулуктун белгилери бар экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча 2026-жылдын 25-сентябрында Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштын жагдайларын аныктоого, ага тиешеси бар адамдарды табууга жана тиешелүү далилдерди топтоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалып, 11-октябрда Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.