
Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-июнда күндүн экинчи жарымында жана 19-июндан 22-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.






