Чүй облусундагы таштанды таштоочу жайдан өрт чыкты

    

Чүй районунун Искра айылындагы таштанды таштоочу жайдан өрт чыкты. Тилсиз жоо тууралуу билдирүү 9-июнь күнү кечинде түшкөн.

Өрттү өчүрүү үчүн саат 19:38де окуя болгон жерге Чүй районунун № 24 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир топ жөнөтүлгөн. Кийинчерээк, саат 23:35те өрттү чектөөгө кошумча катары Токмок шаарынын № 21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн дагы бир топ тартылган

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, окуя болгон жерде эки өрт өчүрүү бөлүмү иштеп жатат. Ошондой эле Токмок мэриясынын эки суу ташуучу унаасы , бир бульдозер жана 20га чукул жергиликтүү тургун көмөктөшүүдө.

Учурда өрттүн аянты жана анын келип чыгуу себептери такталууда. ӨКМ кошумча маалыматтарды кийинчерээк берүүнү убада кылды.