
Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
«Катуу шамалда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз «112» кызматына чалыңыз”,- деп айтылат маалыматта.