
21-апрелден 24-апрелге чейин Бишкекте Азербайжандын маданият күндөрү өтөт.Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маданий иш-чаралар программасы:
21-апрель.
Саат 15:00 — Азербайжан улуттук мурас искусствосу көргөзмөсү. (Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде);
Саат 19:00 — Азербайжан искусствосунун чеберлери катышкан гала концерт. (Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында).
22-апрель.
Саат 14:30 — Азербайжан адабияты бурчунун ачылышы. (Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада);
Саат 15:00 — Бахтияр Вахабзаденин китебинин бет ачары. (Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада);
Саат 19:00 — Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти. (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).
23-апрель.
Саат 16:00 — Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашовдун мастер-классы. (Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында);
Саат 19:00 — Азербайжандын улуу композитору Узейир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык музыка кечеси. (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).
24-апрель
Саат 16:00 — Салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концерти. (Кыргыз улуттук «Манас» театрында);
Саат 19:00 — Джаз музыкасынын кечи. (Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында).