Өлкөдө мамлекеттик тил мыйзамын сактабагандарга айыппул киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүн мамлекеттик тил боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр топтомун карайт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, тил боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан демилгеленген өзгөртүүлөр мыйзамдарды мамлекеттик тил жөнүндөгү конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүүгө багытталган.

«Жергиликтүү кеңештин депутаттарына, нотариустарга, адвокаттарга, судьяларга, прокурорлорго, тергөөчүлөргө жана «башкалардын бардыгына» министрлер кабинети аныктаган өлчөмдө мамлекеттик тилди билүү талабын киргизүү сунушталууда», — деп белгиледи депутат.

Дастан Бекешев кошумчалагандай, судьялар менен тергөөчүлөр мамлекеттик тил сынагынан өтүшүптүр, ал эми аны тапшыра албай калгандын кесепети азырынча ачык боло элек болсо да, адвокаттар тапшырышы керек.

Депутат мамлекеттик тил боюнча мыйзамдарды сактабагандарга айып салуу сунушуна өзгөчө көңүл бурду.

«Алар кантип айып салышат, кимди айыпташат, бул азыртадан эле чоң суроо», — деди парламентарий.

Ал: «Биз тилди штраф аркылуу үйрөтүүнү каалабайбыз» деген оюн билдирип, муну туура эмес жана кыжырдантуучу” деп атады. Депутат тилди өз каалоосу «сүйүү менен» үйрөнсө жакшы болорун баса белгилеп, мыйзамдарды кабыл алууда бул маселенин аярдыгын эске алууга чакырды.