Министр Кулубаев БУУнун баш катчысы Гутерриш менен жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркко болгон сапарынын алкагында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда министр Кыргызстан БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча аракеттерин колдой турганын билдирди.

Кулубаев Кыргызстандын Туруктуу өнүгүү максаттарын карманганын ырастап, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу негизги артыкчылыктары жөнүндө айтты. Бул маселелерди эл аралык аренада илгерилетүү үчүн БУУдан колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

ТИМ башчысы БУУнун баш катчысына Борбордук Азиядагы саясий трансформациялар, тынчтыкты чыңдоого багытталган аракеттер тууралуу маалымат берди. Тараптар БУУнун алкагында кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин карап чыгып, пикир келишпестиктерди жоюу үчүн конструктивдүү диалогго басым жасай турганын белгилешти.