
Кыргызстанда 2028-жылга чейин жылуулук үчүн тарифти үч эсе көтөрүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Энергетика министрлиги даярдаган.
Буга чейин өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн тарифтер өздүк наркына жеткирилген. Ал эми калк үчүн “социалдык багыттагы” тариф сакталып калган. Буга чейин министрлик тарифти 1 гигакалорияга 5 998 сом деп бекиткен. Демек, жарандар гигакалориясына 1 560 сомдон төлөп, калган 4 438 сомду мамлекет жаап келген. Ошол эле учурда 222 миң 384 тиричилик абоненти бар экени айтылган.
“2024-жылы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын кирешеси 11,2 миллиард сом, чыгашасы 17,3 миллиард сом болуп, тартыштык 6,1 миллиард сомду түзгөн. Алардын чыгымын жабууга 4,3 миллиард сом субсидия бөлүндү”, — деп айтылат негиздемеде.
Буга байланыштуу 1 июндан тартып өздүк нарктын 25 пайызын, 2026-жылы 50 пайызын, 2027-жылы 75 пайызын төлөтүү сунушталууда. Ал эми 2028-жылдан тартып жылуулуктун тарифи өздүк наркына жеткирилет.
2024-жылга карата Бишкекте жылуулуктун наркы төмөнкүдөй:
газ менен — гигакалориясы 6 700 сом (25 пайызы 1 675 сом);
көмүр менен — 6 889 сом (25 пайызы 1 722 сом);
электр энергиясы менен — 8 170 сом (25 пайызы 2 042 сом).