Бишкекте жылуулукка карызы барларга рейд жүрүүдө

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы жылуулукка карызы барларга рейд жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө адистер дебитордук карызы 15 миң сомдон ашкан, 2-3 айдан бир нече жылга чейин төлөмдөрдү төлөбөгөн шаардыктардын үйлөрүн кыдырууда.

Адистер жашоочуларга төлөмдөрдү төлөө тартиби, карыздын мүмкүн болгон кесепеттери жана өз убагында төлөм жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүүдө.

“Карызы бар жарандарга карата колдонулуучу чараларды түшүндүрүүгө, ошондой эле карызды төлөөнүн варианттары жөнүндө маалыматтарды берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат”-деп айтылат маалыматта.