
44 жаштагы көк бөрү оюнунда каза болгон улакчы боюнча алдын ала тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 12-мартта Военно-Антоновка айылында көк бөрү боюнча мелдеште Мирлан Сраждинов каза болгон. Ал башынан ачык жаракат алган. Окуя болгон жерге келген медиктер адамдын каза болгонун тастыкташты.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, спорттук иш-чараны улуттук көк бөрү оюндары федерациясы уюштурган. Окуя Сокулуктун «Бөрүлү» жана Оштун «Бүркүт» командаларынын беттеши учурунда болгон. Оюнга 10-15 мүнөт өткөндө оюнчулардын бири башка спортчунун атын сүзүп, жерге кулап, эсин жоготкон.
Оюн дароо токтотулуп, окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылган. Аталган факт Ленин РИИБнин Маалыматтык каттоо журналына катталган. Алдын ала тергөө иштери башталды.
Маалым болгондой, Мирлан Сраждинов Сокулуктун «Бөрүлү» командасында ойногон.