Каракол-Эңилчек унаа жолунда (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түштү

Бүгүн, 3-мартта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол-Эңилчек унаа жолуна (Чоң-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кар көчкү жолдун 82-чакырымында катталган.

Учурда No11 Жол тейлөө ишканасынын адистери тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Жабыркагандар болгон жок.

Айрыкча Чоң-Ашуу ашуусунда катуу кар күрткүсү жүрүп, жолдун абалын кыйындатып жатат.

“Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат”,-деп айтылат маалыматта.