Чолпон-Атада УКМК кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды

Чолпон-Ата шаарынын тургуну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.


Атайын кызматтын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь айында УКМК кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында расмий киреше булактары жок туруп, кылмыш жолу менен кымбат баалуу мүлктөрдү мыйзамдаштырып алган жаран К.К.га карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө К.К. текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң процессуалдык чечим кабыл алуусун суранып, УКМК кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара сунуш кылган.

25-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында К.К. аттуу жаран УКМК кызматкерлерине 29 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.