2024-жылы агросектор 395,6 млрд сом киреше алып келди – Экономика министрлиги

2024-жылы агросектор 395,6 млрд сом киреше алып келди.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 6,3%га көп.

Белгиленгендей, былтыр өзгөчө өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы жакшы натыйжа көрсөтүп, өсүмдүк өстүрүү 10,3%га, мал чарбачылыгы 3,1%га өстү.

Ал эми өсүмдүктөрдүн жылдык түшүмү төмөндөгүдө болду:

буудай – 29,2 ц/га (+243,2 миң тонна);

арпа – 26,1 ц/га (+44,6 миң га);

лан өсүмдүктөрү – 15,5 ц/га (+6,4 миң тонна);

жашылчалар – 1,2 млн тонна;

бахча өсүмдүктөрү – 280,9 миң тонна;

май өсүмдүктөрү – 18,6 миң тонна;

кант кызылчасы – 842,2 миң тонна.

Ошентип, кант кызылчасынын түшүмү 120 миң тонна шекер өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул импортко муктаждык жок дегенди түшүндүрөт.

Ошондой эле 11 миң 665 фермер жеңилдетилген насыя алып, жалпы 4,6 млрд сом каржылык колдоого ээ болгон.