Президент сот арачылары жөнүндөгү мыйзамды 2035-жылга чейин токтотту

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» КР мыйзамынын жана КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 13-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын жоболорунда сот арачыларынын институтунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, аны ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, анын ичинде каржылоо булактарын аныктоо жана тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү максатында «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» КР мыйзамынын жана КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 45-бөлүмүнүн колдонулушун 1-жылдын 2035-январына чейин токтотуу каралган.