Бүгүн, 18-февралда таңга маал Жалал-Абад облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү саат 04:26да Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак, Бек-Абад, Жийде, Күмүш-Азиз айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.