Чүйдө экстремисттик материалдарды даярдоого жана таратууга шектүүлөр кармалды

Чүй облусунда экстремисттик материалдарды даярдоого жана таратууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнан билдиришти.

Маалыматта атылгандай, Чүй ОИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан интернет тармактарында «Несомненное» аттуу баракча аркылуу экстремисттик көз карашты камтыган жана ошондой эле Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Йакын-Инкар» уюмуна тиешелүү видеоролик аныкталган.

Аталган факт Москва РИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу ) негизинде кылмыш иши козголгон.

Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, жарыяланган видероликте экстремисттик көз карашты камтыган чакырыктар бар экени такталып, Кыргыз Республикасында тыюу салынган «Йакын-Инкар» уюмуна таандык экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө экстремисттик материалдарды даярдоого жана таратууга тиешеси бар 1983-жылы туулган К.Б., 1971-жылы туулган К.Б., 1978-жылы туулган С.К., 1983-жылы туулган Р.А. аттуу жарандар аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмыш иши боюнча жогоруда аталган адамдардын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлүп, иш боюнча далил заттар алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.