Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

22-февралда Бишкек шаарында жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

U-14 ( 2012-2013-жылы туулгандар): 32, 36, 40, 44, 48, 52, 56, 62, 69, +69 кг;

U-16 (2010-2011-жылы туулгандар): 40, 44, 48, 52, 56, 62, 69, 77, +77 кг;

U-18 (2008-2009-жылы туулгандар): 48, 52, 56, 62, 69, 77, 85, +85 кг;

U-21 (2005-2007-жылы туулгандар): 56, 62, 69, 77, 85, 94, +94 кг;

Арадагерлер арасында (35 жаштан өйдө): 56, 62, 69, 77, 85, 94, +94 кг;

Эркектер арасында: 56, 62, 69, 77, 85, 94, +94 кг;

Кыз-келиндер арасында: 45,48, 52, 57, 63, 70, +70 кг.