ЖК комитетинде «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырышты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев бул мыйзам долбоорунун журналисттик коомчулук менен макулдашылган такталган варианты экенин белгиледи.

Анын айтымында, буга чейинки версияларды талкуулоодо ЖМК өкүлдөрү эң көп чочулаган нормалардын бири ЖМКлардын милдеттүү түрдө каттоосу болду. Акыркы версияда, чиновниктин айтымында, каттоо ыктыярдуу бойдон калган.

Ошентип, документте интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.

Буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.