Руслан Татиков финансы министринин орун басарлыгынан кеткенин кабарлады

Руслан Татиков финансы министринин орун басарлыгынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Татиков министрликке 2006-жылы стажер катары келип, 18 жыл иштегенин белгилеген.

“Ушул жылдар аралыгында аталган министрликте баа жеткис тажрыйба топтодум. Мамлекеттик кызматтын ысык-суугун көрдүм, ал эми ушул убакыт өз кезегинде мени чыныгы кесипкөй адис катары тарбиялады, чыйралтты. Анткени эмгек жолумду аталган мекемеде эң жөнөкөй иш кагаздарын жүргүзүүчү адистен баштап, ар бир тепкичти өтүп, министрдин орун басарлыгына чейин көтөрүлдүм. Билинбей үч жарым жыл ушул позицияда иш алып барыптырмын”, — деген ал.

Руслан Татиков министрдин орун басары болуп 2021-жылдын августунда дайындалган.