Бишкекте кыз ала качууга аракет кылган деп эки киши кармалды

 Бишкекте кызды ала качууга аракет кылган деген шек менен эки киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, 23 жаштагы Н.Н. аттуу кыз аны эки киши ала качууга аракет кылганын айтып, 5-февралда милицияга арыз жазган.

“Шектүүлөр кызды эркине каршы Nissan унаасына салып, бирок максаттарына жетпей калышкан. Жамгырчинов жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде кызды унаадан түшүрүп, качып кетишкен”, — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектелип 30 жаштагы Б.Б. жана 31 жаштагы Ж.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция ала качуу оор кылмыш экенин эскертип, бул үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын белгиледи. Ошондой эле ала качууга күбө болгондор дароо милицияга билдирүү керектиги айтылды.