Садыр Жапаровдун президенттикке киришкенине төрт жыл болду

Бүгүн, 28-январда Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти болуп шайланганына төрт жыл толду. Ал 2021-жылы 10-январда өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо 79,2% добуш менен жеңишке жеткен.

Садыр Жапаров өлкө башчылыгына келгенден бери экономиканы чыңдоо, инфраструктураны өнүктүрүү боюнча бир топ аракеттерди жасап жатат. Акыркы жылдары өлкөдө чек ара маселелери чечилип, армиянын коргонуу жөндөмдүүлүгү бир кыйла жакшырды.

Кыргызстанда коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөш активдүү жүрүп жатат. Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында казынага миллиарддаган каражаттар кайтарылууда.

Өлкөдө эл аралык стандарттарга жооп берген туристтик объектилер, мейманканалар жана эс алуу зоналары активдүү курулууда. 10 миңден ашык ипотекалык батирлер курулган.

Республика боюнча чоң жана кичи ГЭСтерди, Асман шаарын жана “Үч чоку” тоо лыжа базасын куруу сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Кыска убакыттын ичинде президенттин жетекчилиги менен ички аэропорттор жанданып, алар толугу менен реконструкциядан өттү, же кайра курулуп, ички авиакаттамдар калыбына келтирилүүдө.

Өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 1,5 трлн сомго жетти.

Акыркы төрт жылда Кыргызстанда көптөгөн социалдык объектилер курулду. Алсак:

  • 2021-жылы 109 объект: 59 мектеп, 12 бала бакча, 11 оорукана, 4 маданий, 2 спорттук объект, 13 таза суу жана башка дагы 8 объект курулду.
  • 2022-жылы 96 социалдык объект: 37 мектеп, 12 бала бакча, 2 оорукана, 2 спорттук, 38 таза суу менен камсыздоо объектиси жана дагы 1 башка объект.
  • 2023-жылы 210 социалдык объект: 124 мектеп, 11 бала бакча, 5 оорукана, 2 маданий, 7 спорттук, 46 таза суу менен камсыздоочу объект жана башка дагы 15 курулуш жүрдү.
  • 2024-жылы 230 социалдык объект: 100 мектеп, 31 бала бакча, 11 саламаттык сактоо, 7 маданий, 13 спорттук объектилер, 12 турак жай, 19 таза суу менен камсыздоо жана башка дагы 7 объект курулду.

Мындан тышкары, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулууда.

Кыргызстан Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында келечекке ишенимдүү кадам таштады.