Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында бүгүн, 23-январда саат 06:22 чамасында ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шамал Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын чатырын учуруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезесин сындырып кеткен. Анын натыйжасындада 2 жаран (1992-жылы туулган Ш. кызы Ж. аттуу 1 аял жана 2023-жылы туулган М.Т. аттуу кичинекей бала) жабыркаган. Учурда абалдары туруктуу, учурда дарыгерлердин кароосунан өтүп жатышат.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден ыкчам топ тартылды. Ошондой эле шаардык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.