Бишкек шаарынын тургуну жубайын өлтүрүп алганын билдирип, 19-январь күнү саат 20:28де милициянын 102 номуруна чалган. Ал 18-январь күнү жубайы менен уруша кетип, аны өлтүрүп алганын айткан.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) маалыматында, милиция кызматкерлери ошол замат айтылган дарекке барып, маалыматты ырасташкан.
РИИБдин маалымдашынча, милиция буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен кылмыш ишин козгоп, 51 жаштагы С. И. аттуу жаранды милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизди.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө уланууда.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.
Былтыр 17-декабрда Бишкекте 33 жаштагы адам жубайын бычактап өлтүрдү деген шек менен кармалган. 15-ноябрда 27 жаштагы келин бычактан алган жараатынан “Тез жардам” ооруканасында көз жумган. Анын өлүмүнө 34 жаштагы күйөөсү шек саналып кармалып, камакка алынган.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында, 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1 % же 4 212 окуяга көп.
Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 555 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 276 иш сотко жөнөтүлүп, 133ү кыскартылган. Дагы 38 иш тергелип жатат.
Кылмыш иштеринин 33ү Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен козголгон.