Бишкектеги жылуулук энергиясынын баасы боюнча түшүндүрмө берилди

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы декабрь айында жылытуу жана ысык суу үчүн эсептелген суммалар ноябрь айына караганда жогору экенин билдирди. Мекеменин 17-январда тараткан маалыматында жазылгандай, жылуулук берүү абанын температурасына жараша бөлүнөт.

Ага ылайык:
• Ноябрь айында жалпы бир жылдык жылуулуктун көлөмүнөн 17% бөлүнөт,
* Декабрь айында — 22%,
* Январь айында — 25%,
* Февраль айында — 20%,
* Март айында — 16%.

Түшүндүрмөдө ошондой эле декабрь айында абанын орточо температурасы нормадан төмөн, ал эми ноябрь айында нормадан жогору болгону белгиленген.

“Буга байланыштуу жылуулукту керектөө көбөйөт, ал квитанциядагы суммаларга таасирин тийгизет. Эсептөөлөр жылуулук энергиясын эсептөө усулу боюнча жүргүзүлөт. Ай сайын эсептелген сумма абанын орточо айлык температурасына түздөн-түз байланыштуу, муну өлкөнүн гидрометеорологиялык кызматы камсыздайт. Жылытууда абанын орточо температурасы канчалык суук болсо, эсептелген сумма ошончолук жогору болот”, – деп жазылган маалыматта.

Мекеме ошондой эле 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып жылуулуктун тарифи кымбаттаганын кошумчалады. Анын негизинде калктын керектөөсү үчүн жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки турак жай үчүн ай сайын колдонулуучу жылуулук энергиясынын социалдык нормасы киргизилген. Бул норма социалдык тариф боюнча 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн 1560 сом. Анын негизинде панель үйлөрдүн 105-сериясындагы батирлер үчүн болжолдуу жылытуу наркы 1 бөлмөлүү батирге (35,1 м2) 5616 сом, 2 бөлмөлүү батирге (48 м2) 7691 сом, 3 бөлмөлүү батирге (61 м2) 9844 сом төлөнөт.

Ал эми жалпы аянты 80 чарчы метрден ашкан үйлөр үчүн жылуулук энергиясынын тарифтери социалдык нормадан ашкан ар бир чарчы метр үчүн орто эсеп менен 5998,17 сом/Гкал тарифинде алынат.

“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы жылуулуктун баасы тууралуу дагы суроолор болсо 1980 түз номуру аркылуу, 0312 61-11-69, 557 611166, 0777 611166, 0701 611166 телефон номурларына чалып, тактоого чакырды.

Акыркы убактарда социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулук акысы үчүн көп суммадагы төлөм чыгып келип жатканына нааразылык арбыган.

Буга чейин жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн калк 1248 сомдон төлөп келген.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан кийин калаадагы жана аймактардагы жылуулук электр борборлорунун баары Энергетика министрлигинин балансынан мэрияларга жана айыл аймактардын балансына өткөрүлүп берилген.