Ала-Тоо аянтында Манастын айкели турган жердин астындагы конструкциялар оңдолот 

Борбордук Ала-Тоо аянтында Манастын айкели турган жердин астындагы конструкциялар демонтаждалып, толугу менен оңдолот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, оңдоо иштери январдын ортосунда башталат.

“Манастын эстелиги турган жердин асты чирип, урайын деп калган. Эске салсак, 2018-жылы Тарых музейин реконструкциялоо иштери жүргөн. Ошол кезде бул жерде гидроизоляциялоо иштери талаптагыдай аткарылган эмес. (Тарых музейин реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом жана Түркия тараптан 15 млн доллар грант берилген).

Ошол себептен суу кирип, астындагы конструкциялардын бузулуусуна алып келген”, – деди ал.

Аскат Алагөзов белгилегендей, эми эстелик астын оңдоодо бул кемчиликтер эске алынып, толугу менен жоюлат.

Белгилей кетсек, Тарых музейин реконструкциялоо иштеринен кийин мекемеге 8 млн 705 миң 821 еврого эмерек менен жабдыктар алынган.

Улуттук тарых музейин оңдоо иштери 2016-жылы 25-мартта башталган. 2018-жылдын май айында эмеректердин кымбат баада сатып алынганы ачыкталгандан кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.