Белгилүү болгондой, Жапаров кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазган. Ага Садыр Жапаров кол койгон.
Ишенимдүү булактар билдиргендей, минкаб башчынын убактылуу милдетин биринчи вице-премьер Адылбек Касымалиев аткарып турмакчы.
Жапаров өкмөттү 2021-жылдын 13-октябрынан бери башкарып келген. Өкмөттү узак убакытка чейин жетектеген премьер-министрлердин катарын толуктады.