Майыптуулугу бар 600 бала бюджеттин эсебинен реабилитациядан өттү – эмгек министри 

Күн мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова жана туркиялык ТИКА агенттигинин өкүлдөрү “Келечек” республикалык реабилитациялык борборунда сенсордук бөлүмдөрдү ачышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Министр Полотова белгилегендей, ушул жылдын башынан бери өлкө боюнча 600 майыптуулугу бар балдар бул борбордо ар кандай реабилитациялык кызматтарды ала алышты. Өткөн жылы борборго 444 бала келген. Алсак, “Келечек” борбору ачылгандан бери 1000ден ашык өзгөчө балдар республикалык бюджеттин эсебинен дарыланды.

“Борбор президент Садыр Жапаровдун Инклюзивдик саясатынын бир бөлүгү болуп саналат, аны биздин министрлик ишке ашырып жатат. Эсиңиздерде болсо, мындан эки жыл мурда майыптыгы бар балдарга социалдык төлөмдөр 50 дөн 200% көбөйтүлгөн болсо, быйыл министрлер кабинети жеке ассистенттердин кызматы үчүн эмгек акысын көтөргөн.

Бүгүн биз майыптыгы бар адамдарга социалдык кызмат көрсөтүү өлкөнүн бардык облустарында түзүлүүсү үчүн иш алып баруудабыз”, – деди Жылдыз Полотова.

Рахат Бердибаева ата-энелердин атынан реаблитациялык борборго ыраазычылык билдирди.

“Ушул “Келечек” борборуна бардык ата-энелердин атынан ыраазычылык айтам. Мен мурун ыйлаган энелердин катарына кирчү элем, эми энелердин үмүтү өкмөткө, президентибизге жетти. Менин балам ушул борборго келип тили так сүйлөй баштады. Эртен менен кызматкерлер жылуу тосуп алышат. Борбордун кызматкерлеринин бир гана жылмаюусунан биз балдарыбыз менен шыктанып, ийгиликке жетерибизге ишене баштайбыз”, – деди Бердибаева.