Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду.
Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, соттун 2024-жылдын 11-ноябрындагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсү Б.Т.Б.нын өтүнүчү канааттандырылган.
Айыпталуучуга карата мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат алуу түрүнө өзгөртүлгөн.
Эске салсак, Матраимов Баку шаарынан кармалып, ушул жылдын жаз айларында Кыргызстанга алынып келген.