Социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында мазактоо жана жалаа үчүн айып пулду жеке жактарга 20 миң сомго, юридикалык жактарга 65 миң сомго чейин кыскартуу сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде депутаттар бул мыйзам долбоорун экинчи окууда карашы керек болчу, бирок бул маселе күн тартибинен чыгарылды.
«Чечим долбоорунда айып пулду 20 миң сомго чейин азайтуу сунушталган. Бул да аз сумма эмес. 1 миң сомго чейин түшүрүүнү экинчи окууга сунуштадым. Анткени максат адамды жакыр кылуу эмес, жазалоо. Мен бул мыйзам долбооруна каршымын, бирок ортоңку жолду табууга аракет кылдым», — дейт Дастан Бекешев.
Ал ошондой эле экинчи окууда мыйзамды ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды Маданият министрлигине эмес, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү. Ал эми Ички иштер министрлигине иштерди сотко өткөрүү сунушталып жатканын белгиледи.
«Бул өтүп кетеби же жокпу билбейм. көрөлү. Бул дагы долбоордо», — деди Дастан Бекешев.
Эскерте кетсек, алар Мыйзам бузуулар жөнүндө кодексти жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте жалаа жабуу жана кемсинтүү боюнча берене менен толуктоону каалап жатышат. Кошумчаларга ылайык, жалган жалаа, кемсинтүүлөр үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат.
Президент Садыр Жапаров мазактоо үчүн айып пул салуу керек деп эсептейт.
23-октябрда Жогорку Кеңеш Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда жактырды.