Жети-Өгүздө зордукталган 9 жаштагы кыз Бишкекте медициналык кароодон өтүп жатат

Жети-Өгүздө зордукталган 9 жаштагы кыз Бишкекте медициналык кароодон өтүп жатат. Окуя эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин көзөмөлүндө.

Ведомстводон билдиришкендей, аймактык башкармалыктын кызматкерлери кызды жана үй-бүлөнү экспертизадан жана тергөөнүн башка этаптарынан өтүүдө коштоп жүрүшөт. Кызга жана үй-бүлөгө психологиялык, медициналык, юридикалык жардам көрсөтүлдү. Учурда зомбулукка кабылган кыз Бишкекте медициналык кароодон өтүп жатат.

Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыгы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна жашы жете электер менен иштөөнүн жеке планын иштеп чыгып, кароого киргизди, ал жардамдын бардык түрлөрүн камтыйт.