Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, иш сапары менен Казакстанга “Борбор Азия-Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-президенттин пдминистрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;

– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев;

– транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев;

– президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германиянын ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.