Бишкек авиация институтунда бомба изделүүдө

Бишкек авиация институтунда бомба издеп жатышат. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Алардын айтымында, жардыруучу зат бар деген маалымат бүгүн эртең менен келип түшкөн.

Бул маалыматты Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. Аталган факты маалыматтык журналга катталып, окуя болгон жерге кинологдор жана атайын кызматтар менен биргеликте тергөө-ыкчам тобу барышкан. Билим берүү мекемесинин аймагы курчоого алынган.