«Альянс Алтын» Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошууну улантууда

2015-жылдан 2024-жылдын 1-сентябрына чейин компания өлкө бюджетине 20,46 миллиард сом төлөгөн.2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын августуна чейин алтынды сатуудан түшкөн салыктар 14,92 миллиард сомду түздү. Мындан тышкары, 2024-жылдын январь-август айларында гана 4,34 миллиард сом, анын ичинде август айында 814,6 миллион сом төлөндү. Биздин каржылык салымдарыбыз инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жергиликтүү жамааттарды колдоого, аймактын жана бүтүндөй өлкөнүн туруктуу келечегин камсыз кылганына сыймыктанабыз.