Үстүбүздөгү жылдын 8-августунда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Жерүй алтын кенинде болду.
Облустун ыйгарым укуктуу өкүлү баштаган район жетекчилеринен турган делегацияны «Альянс Алтын» ишканасынын башкы директору Сабир Рахматов тосуп алды. Ал компаниянын адистеринин коштоосунда конокторду Талас алтын кен комбинатынын учурдагы иши менен тааныштырды, «Альянс Алтын» кендеги ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилиндеги жетишкендиктери тууралуу айтып берди.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев алтын казып алууда экологиялык талаптардын сакталышын жеке өзү текшерип, жумушчуларга түзүлгөн заманбап шарттарга баа берди. Мындан тышкары, облус башчысы Талас районунун калкынын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө шарт түзүп жаткан «Альянс Алтын» компаниясы жана анын Өнүктүрүү фонду тарабынан каржылык колдоолор тууралуу кеңири маалымат алды. Эрмат Жумаев «Альянс Алтынга» ийгиликтерди каалап, Жерүйдүн бүтүндөй аймакты өнүктүрүүдө орду чоң экенин баса белгилеп, ошондой эле жергиликтүү бийлик башчыларын жана инвесторлорду биргелешип иштөөгө чакырды.