Олимпиада-2024: Бүгүн балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова килемге чыгат 

Бүгүн Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында спорттук күрөш боюнча мелдештер башталат.

Турнирдин биринчи күнүндө 60 кг, 68 кг жана 130 кг салмак категориясына чейинки грек-рим, эркин күрөш боюнча финалисттер аныкталат.

Кыргызстандын атынан Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда беттештерин баштап, килемге чыгышат.

Балбан Жоламан Шаршенбеков казакстандык спортчу Айдос Султангали менен кез келет. Ал эми Мээрим Жуманазарова монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күч сынашат.

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча 19:00дө, жарым финал болсо, 01:00дө өтөт. Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн беттештер эртең, 6-августта болот.