ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Маалыматка ылайык, 30-июлдан 31-июлга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.