
Өлкө башчы Садыр Жапаров “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлайт.
Мыйзам 2024-жылдын 12-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, көзү ачыктардын, төлгөчүлөрдүн жана сыйкырчылардын кызматын жарнамалоого жол берилбейт.
Кабыл алынган мыйзамдын максаты жарандардын аң-сезимин кандайдыр бир оккульттук, сыйкырдуу жана башка анык эмес ыкмалар менен кызмат көрсөтүү жаатында өз пайдасын алуу үчүн тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кызмат көрсөтүүнү болтурбоого багытталган.