Ноокаттагы сел. Каза болгондордун саны он кишиге жетти

Ноокат районундагы Абшыр-Сай дарыясынан жергиликтүү тургундар баланын жансыз денесин табышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда баланын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат. Кыйратуучу селдин кесепетинен жалпысынан он адам каза болгон.

Белгилей кетсек, 28-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, адамдардын өмүрү кыйылган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел ондогон короолорду каптап, көпүрөлөрдү, жолдорду, электр зымдарын жарактан чыгарган. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

30-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, төрт адам каза болду. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.