Бүгүн Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдары башталды

Ош шаарынан Ысык-Көлгө аба каттамдары ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-июнда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна Ош шаарынан биринчи учак келип конду. Аны менен алгачкы 96 жүргүнчү учуп келди.
«Алдыда июль айынан баштап Ош жана Жалал-Абад шаарларынан күн сайын каттамдар аткарыла тургандыгы пландалууда», — деп айтылат маалыматта.