Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 15-июнда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар жана ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте бул тилкедеги иштердин аякташын текшерди.
Көчөлөр 18-июнда унаа кыймылы үчүн ачылат.
Белгилей кетсек, аталган тилкедеги жол оңдоо иштери мөөнөтүнөн 10 күн мурда бүтүрүлдү.
Эске сала кетсек, муниципалитет төмөнкү көчөлөрдө жолдорду реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо:
– Манас проспектиси Чүй проспектиси менен Т.Айтматов көчөсүнө чейин;
– Байтик баатыр-Абдрахманов көчөлөрү Жибек-Жолу проспектисинен Токомбаев көчөсүнө чейин;
– Ахунбаев көчөсү Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин;
– Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин;
– Юнусалиев көчөсү менен Сух-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин.