Чүй облусунда 52 жаштагы кишини мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип айылдашы кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, маркум менен шектүү мас абалда чырдаша кетишкен.
Такталгандай, 10-июнда саат 07:00 чамасында 1968-жылы туулган М.М. айылдашы – 1974-жылы туулган М.А`нын үйүнө барган. Алар спирт ичимдигин ичип отуруп, ортосунда уруш чыккан. Үй ээси айылдашы М.М`ны даракка байлап, денесине көптөгөн жаракат келтирген. 52 жаштагы киши алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Аталган факты боюнча 122-берененин (“Адам өлтүрүү”) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1974-жылы туулган М.А. кармалды.
Учурда тергөө амалдары улантылууда, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.