Бүгүн, 3-июнда Күн системасында 20 жылда бир болуучу планеталардын парадын көрүүгө болот. Анда алты планета – Меркурий, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун бир катарга тизилет, деп билдирет StarWalk.
Планеталардын төртөө (Меркурий, Марс, Юпитер, Сатурн) оңой көрүнүп, ал эми Уран менен Нептунду көрүү үчүн атайын оптика – телескоп, же күчтүү дүрбү керек болот.
Ошол эле учурда ачык булактардан алынган маалыматтар ар кандай. Айрым эксперттер бул көрүнүш такыр болбой турганын айтышат.