Ош шаарында көчөдө бараткан бейтааныш кызга ыплас сөз айткан жигит 5 суткага камалды. Бул туурасында облустук соттон билдиришти.
Ош шаардык сотунун 27-мартындагы токтому менен Т.Н.А. 126-берене боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 суткага камакка алынды.
Белгилесек, Ош шаарынын Достук көпүрөсүндө өтүп бараткан кызды шылдыңдап, абийирине шек келтирген сөз айткан блогердин үстүнөн эки арыз жазылып, ал 27-мартта Бишкектен кармалып, Ош шаарына жеткирилген.
Блогер кыргыз элинен жана кыздан кечирим сураган.