
Бишкекте бокс боюнча жаштар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаменти.
Биринчилик 20-23-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтмөкчү.
Мушкерлер төмөнкү салмакта күч сынашат:
- балдар арасында: 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг;
- кыздар арасында: 51, 54, 57, 60, 63, 66 кг.
Белгилей кетсек, аталган чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу “Ынтымак” Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан уюштурулууда.