
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “ВАЗ 231099” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришкендей, окуя 3-мартта саат 20:00 чамасында Карасаев жана Шапак баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктан 16 жаштагы өспүрүм жабыркаган.
Аталган факт боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга шектүү делип 20 жаштагы Г.И.Н. аттуу жаран кармалган.
Учурда окуя боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.